Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Токтогул эс алуу багындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары толук буздурулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
22-июль күнү аталган паркта өрт кырсыгы катталган. Ал жерге барган шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге өрттүн кесепеттерин жоюу жана парктын аймагындагы соода жайларын буздуруу боюнча тапшырма берген.











