Жалал-Абадда жаңы, заманбап, 5200 орунга ылайыкташкан спорт сарай салынат. Бүгүн, 22-июнда анын курулушуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды.
Жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базардын ордуна салынып жатат. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт. Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Кошумча сыртында 200 орунду унаа токтотуучу жайы курулат.
Быйыл эгемендик күнүн утурлай Жалал-Абадда Бокс академиясы пайдаланууга берилсе, андан башка бир топ спорттук мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул иштердин баары өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында ишке ашууда.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...
Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...
Бириккен Араб Эмираттарынын расмий бийлигинин маалыматына ылайык, мезгил-мезгили менен угулуп жаткан жарылуу үндөрү абадан коргонуу системаларынын (ПВО) ишине байланыштуу. Бул...
"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдайм". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы атайын жана ыйгарым...