Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 7-январда саат 16:37де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылында жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек айылында 2 баллга чейин, Көсө-Терек айылынан 13 чакырым түндүк чыгышка, Жетиген айылынан 18 чакырым түштүк батышка, Кетме-Төбө айылынан 25 чакырым түштүкө, Токтогул шаарынан 45 чакырым түштүк чыгышка чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.