Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 12-январь түнү саат 23:36да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.