Саат 07:17де Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркит, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Ит-Агар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Анын очогу Тегирмен-Суу айылынан 10 чакырым түндүк-батышта, Аркит айылына 17 чакырым түштүк батышта жайгашкан. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.