Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тилсиз жоо саат 11:34тө чектөөгө алынып, саат 12:06да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн жалпы аянты жана келип чыгуу себептери такталууда.












