Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30да мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Андан улам кокту-колоттордон сел суулары түшүп, 1 үйдүн короосун сел суулары каптаган жана ВАЗ 2017 үлгүсүндөгү унааны сел агызып, көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, тоолу аймактарда сел жүрүшү күтүлөрүн эскерткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram