Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эмне үчүн Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүнү сунуштаганын түшүндүрдү.
«Жалал-Абад байыркы шаарлардын бири болгон. 1877-жылы Жалаладин деген бир табып келип, Шор-Булакка элдерди дарылай баштаган. Ошонун аты көп айтылып жүрүп анан Жалал-Абад делип кеткен деген версия бар. Тарыхчыларыбыз дагы 2-3 вариант айтып жатышат. Шаардын өзгөрүшү, архитектуралык көрүнүшүндө элдин Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүп бергиле деген талабы болду. Бул сунуш бүгүн же кечээ эле түшкөн жок да. Буга чейин да эл тарабынан ушундай сунуштар келип жаткан»,- деди ал.











