Жума, 27.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жалпы финансылык бузуулар 1,5 миллион сом… Эсептөө палатасы Курулуш министрлигинде аудит жүргүздү

17:45 27.03.2026
0
Жалпы финансылык бузуулар 1,5 миллион сом… Эсептөө палатасы Курулуш министрлигинде аудит жүргүздү

Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан маалымдашты.

Аудиттин жыйынтыгында финансылык эсепке алууда, бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырууда бир катар олуттуу шайкеш келбестиктерге жол берилгендиги  аныкталды.

Тактап айтканда, дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар, курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн негизсиз жогорулатуу, бюджетке каражаттарды чегерүү тартибин сактабагандыгы, башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө фактылары.. Ошондой эле каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу, белгиленген тартипте эсепке алынбаган мүлктүн болушу, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда бузуулар, кызматкерлердин эмгек акысы жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар орун алган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпы финансылык бузуулардын суммасы 1 585 293,5 миң сомду түздү. Анын ичинде  мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке өз убагында жана толук эмес чегерүү – 15 955,5 миң сом, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн толук эмес жана кечиктирилип чегерилиши – 4 467,3 миң сом, башка булактардан каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө – 85 000,0 миң сом.

Мындан тышкары, каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу – 40 182,3 миң сомду, капиталдык салымдар формасындагы бюджеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тартибин сактабагандык – 7 065,2 миң сомду, курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 166 087,5 миң сомду, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда башка бузуулар – 23 459,2 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 24 035,2 миң сомду, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 26 637,3 миң сомду, белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз которуу 7 791,7 миң сомду түзгөн. Эң ири көлөмдөгү бузуулар дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча катталып, анын суммасы 1 169 294,1 миң сомду түзгөн.

Жалпы аныкталган 1 585 293,5 миң сом финансылык бузуулардын ичинен 349 414,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 122 191,3 миң сом же 35,0 пайызы калыбына келтирилди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилип, аныкталган бузууларды жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 27.03.2026
0

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында финансылык тартипти...

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 27.03.2026
0

Кыргыз Республикасында трансплантологияны өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калууда. Мамлекеттик колдоонун жана ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүнүн...

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкциялоо үчүн жабылат

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкциялоо үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:15 27.03.2026
0

Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү 2026-жылдын 30-мартынан баштап жол кыймылы үчүн жабылат. Осмонкул көчөсүндөгү жолду...

1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 27.03.2026
0

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы ысык суу менен камсыздоо тарифинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Бул өзгөртүүлөр Энергетика...

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев пробация менен бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:34 26.03.2026
0

Жарандык активист, дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылдык пробация менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

17:53 27.03.2026
1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

09:11 27.03.2026
Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: "Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз"

09:49 27.03.2026
Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

17:53 27.03.2026
Жалпы финансылык бузуулар 1,5 миллион сом… Эсептөө палатасы Курулуш министрлигинде аудит жүргүздү

Жалпы финансылык бузуулар 1,5 миллион сом... Эсептөө палатасы Курулуш министрлигинде аудит жүргүздү

17:45 27.03.2026
Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

15:42 27.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү