Билим берүү министрлиги жалпы республикалык тестке каттоо 3-февралда башталганын билдирди. Каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Тест болжол менен 2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин өткөрүлөт.
Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт. ЖРТга онлайн каттоо боюнча бардык нускамалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жеткиликтүү.