Блогер Николай Гладков социалдык тармактарга Жаңы Ак Үйдүн бийиктиктен көрүнүшү тартылган видео жарыялады.
Өткөн жылдын октябрь айында Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирип, ага аталыш тандоо боюнча сурамжылоо кылган. Анын жыйынтыгында Ынтымак-Манас Ордосу деген аталыш тандалган.
Президент Бишкектин борбору автотыгынга толуп кеткенине байланыштуу жаңы Ак Үй куруу зарылдыгы чыкканын айткан. «Бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз» деген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram