«Аламүдүн» базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жибек-Жолу проспектисинде жана Курманжан Датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу «чөнтөктөр» демонтаждалат. Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Кыймыл чиймени өзгөртүү 2025-жылдын 1-январынан баштап пилоттук долбоор алкагында киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын узартпоо үчүн да өзгөртүүлөр киргизилет.