Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
“Мамлекет башчыбыз чечти. 1-январдан 12-январга чейин эс алмай болдук”, — деди Эдил Байсалов.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги жаңы жылдык эс алууну 12-январга чейин узартууну сунуштаган эле.






