Ырчы, аткаруучу, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиевдин каза болгонуна 1 жылдан ашты. Кырчындай 40 жашында өмүрдөн өткөн Сагыналиевдин артында элинин урматы, сыйы калды. Маркумдун бир туугандары Рустам Сагыналиевди эскерип, өмүрүнүн акыркы күндөрүн көздөрүнө жаш алуу менен оор үшкүрүнө айтып беришти.
«Акыркы күндөрү жумушуна деле бара албай калды. «Элдин көз карашы башкача болуп, коркуп жатат» деп калган. Бирок унаасын айдап кетчү. Жумушка барчу эмес экен. Ичин тартып жүрдү. Көп нерсесин билдирген жок. Жаны кыйналып жатса да, күлүп жүрдү. Жаркылдаган элеси калды», — деди бир туугандары.