Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына жакын жердеги футбол стадионунун курулушу менен таанышты. Жаңы стадион Орок айылында курулуп жатат.
Касымалиев объектти курууда сапаттын жана коопсуздуктун бардык стандарттарын сактоону куруучулардан талап кылды. Ал стадион — футбол командалары үчүн гана эмес, күйөрмандар үчүн да маанилүү объект экенин кошумчалады.
«Иштер штаттык режимде улантылууда. Стадиондун курулушу экологиялык жана заманбап технологиялык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Стадион белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, кийинки жылы ачылышы күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысы «Ош» базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.