«Тараптар Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы уникалдуу геоландшафты жана табигый ар түрдүүлүктү пайдаланып биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты», — деп билдирет коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы.
Тейлөө кызматына, туристтердин көптүгүнө баа берген Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына: «Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзийоев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур. Сөз жок! Азамат! Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан! Ташкенттен ары жарым сааттык жол экен», — деп жазды.










