Жаратылыш министрлиги Жаңы жылдык майрамды белгилөөдө жергиликтүү органдарга, шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салтанаттарда салюттарды колдонбоого чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
“Айрыкча кыш мезгилинде температуранын инверсиясынан улам булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын жаратат жана өрттүн чыгуу коркунучун жогорулатат”, — деп жазылат маалыматта.
Министрлик дрондук шоулар айлана-чөйрөгө зыян келтирбестигин кошумчалаган.











