Орто мектеп окуучулары үчүн “Сары-Көл сырлары” интерактивдүү оюнунун презентациясы өткөрүлөт. Оюн коомдогу “балдардын никеси” көйгөйүн козгойт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-декабрда Ош шаарындагы “Ололо Хаус” коворкинг борборунда Кара-Суу районунун орто мектептеринин 9-10-11-клаассынын 100 окучуусуна «Айкын багыт» коомдук фонду тарабынан Европа Биримдиги жана БУУнун «Тендик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен иштелип чыккан “Сары-Көл сырлары” интерактивдүү оюнунун презентациясы өткөрүлөт.
Презентация саат 10:00дө долбоордун жетекчилеринин оюн менен тааныштыруусунан башталып, балдар никеси көйгөйү айланасында катышуучулар менен диспуттар, суроо-жооптор жана ошондой эле атайын конок белгилүү ырчы, жаш активист, “Кыз кадыры” ырын ырдап келген Айым Айылчиева менен баарлашуу жана анын аткаруусундагы ырларды угуу менен уланат. Иш-чара өтө турчу мекемеде уюштуруучулар тарабынан катышуучуларды кызыктырып, көңүлүн бура турчу атайын замандын талаптарына жараша “Тик-Ток”, “фотобудка”, “окуялардын бөлмөсү” сыяктуу интерактивдүү оюн бөлмөлөрдү да даярдалган, ошондой эле катышуучулар өз жаатында ийгиликкке жетишкен чыгаан аялдар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бере турган “телефон будкасы” орнотулган.
«Уюлдук смартфондор үчүн чыгарылган бул интерактивдүү оюн окуялар айланасындагы детектив жанрында жасалган. Окуянын жүрүшү Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу айылда өтөт. Оюн ойной турчу адам башкы каарман үчүн чечим чыгарып, окуянын жүрүшүн өзүнүн тандоолору, чечимдери менен өзгөртө алат. Оюндун негизги максаты: жашы жете электе никеге туруунун кесепеттери, билим алуунун маанилүүлүгү, кыздардын потенциалын ачуу жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жөнүндө маалымат берүү», — деп айтылат маалыматта.