Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат берип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эки соттолгон жаран 14-апрелде оорудан улам каза болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгон 62 жаштагы жаран 2016-жылдын 10-июнунда Лейлек райондук сотунун өкүмү менен 16 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал 2025-жылдын 19-мартында ЖАМКнын №3 мекемесинен №31 мекемесине которулган.
«Кургак учук оорусунан эки өпкөсү тең жабыркагандыктан бейтаптын абалы күндөн-күнгө оорлошо берген. Кургак учукка каршы дарылар көзөмөл менен берилип турган. 14-апрелинен баштап абалы кескин начарлаган. Дем алуусу кыйындап, кислороддук концентратор аппаратына кошулган жана абалын турукташтыруу үчүн кан тамыры аркылуу тамчылатма дарылар куюлган. Кургак учук оорусу эки тараптуу болгондуктан жана кошумча кант диабети менен жабыркагандыктан бейтаптын абалы оорлошуп, 14-апрель күнү болжол менен саат 17:40та оорусунан улам каза болду»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 11-апрель күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКнын №27 мекемесинен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жайгашкан ЖАМКнын №10 мекемесине калган жаза мөөнөтүн өтөө үчүн 1990-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунда туулган жана соттолгон Тилек уулу А. которулган. Ал 18 жыл 4 айга эркинине ажыратылган.
ЖАМКнын №10 мекемесине кабыл алынынып, карантиндик абак бөлмөгө жайгаштырылган, кабыл алуу учурунда мекеменин медициналык кызматкери тарабынан текшерилип, ден соолугуна байланыштуу даттануу менен кайрылган эмес.
«14-апрель күнү саат 9:30 чамаларында соттолгон жаран өзүн начар сезип жатканын билдирген. Дароо мекеменин медициналык бөлүмүнө жеткирилип, мекеменин дарыгери тарабынан медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, жана алдын ала жүрөктүн коронардык оорусу, инфаркт миокарда диагнозу коюлган.
Андан тышкары, мекеменин дарыгери тарабынан соттолгон жаранды Базар-Коргон шаардык ооруканасына алып чыгуу керек экендигин билдирип, мекеменин Тез жардам унаасы менен Базар-Коргон шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жерден көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан соттолгон Тилек уулу А. саат 12:05 чамасында каза болду»,— деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Базар-Коргон РИИБи тарабынан МЭАЖ катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.