Кечээ, 6-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жолугушууда алгач калаа башчысы
Жеңишбек Токторбаев алдыда жасалуучу жумуштар, максаттары менен тааныштырды. Анда
“Оштун мурдагы мэрлери хан болгон. Күзөтчүлөрү менен жүрүп, унааларын коштотуп жүргөн экен. Садыр Нургожоевич хан болбой, эл менен чогуу болуп, элдин жүгүн көтөргүлө деп айткан. Буюрса, мен өлкө жетекчилеринин, сиздердин ишеничиңизди актап, шаар үчүн татыктуу иштеп берем деп сөз берем” деп билдирди.
Жыйында ошондой эле, аймактын башчысы былтыркы жылы аткарылган жумуштар тууралуу маалыматын угузду. Андан соң жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрү менен кайрылышты. Жарандар негизинен суу, газ, жолдорду оңдоп-түзөө, жарыктандыруу, коомдук транспорттун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, мектеп, бала бакча, спорттук аянтча, ФАП куруу, коммуналдык тармактарга байланышкан маселелерди көтөрүштү. Жарандардан оозеки жана кат жүзүндө айтылган ар бир суроо, маселеге шаар башчысы жана тармактык мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан канааттандырарлык жооптор берилди.