Женнифер Лопестин Астанадагы концертине билет сатып алууну каалагандардын саны сатыкка коюлган орундардын санынан дароо 2,5 эсеге ашты. Бул тууралуу BaigeNews.kz жазды.
Маалыматка караганда, билет сатуу бүгүн, 11-апрелде Астана убактысы боюнча саат 11:00дө башталган.
Маалым болгондой, алгачкы мүнөттөрдө 50 миңден ашык адам өздөрү жана достору үчүн билеттерди сатып алууну каалашкан. Бул концерт өтчү «Астана Арена» стадионунун сыйымдуулугунан ашат.
Ошондой эле интернетте жасалма билет саткандар да болуп жатканын айтып, уюштуруучулар алданбоого чакырышты. Ошондой эле билет саткан сайт көп колдонуучу киргенинен улам иштебей калып жатканы да айтылды.
Astana Concert компаниясынын продюсери Малик Хасеновдун айтымында, билеттердин баасы категориясына жараша 40 миңден 150 миң теңгеге чейин. Бардыгы болуп 15 баа категориясы бар жана орточо баасы 88 миң теңгеге жакын болот.