Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалыматтык агенттигинде болгон маалымат жыйынынын жүрүшүндө агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2024-жылдын январь-июнь айында 52 миллион сом көлөмүндө иштер аткарылганын айтты.
“Алсак, жеке жактар менен болгон келишимдердин негизинде – 3,6 миллион сом суммасында, ал эми юридикалык жактар менен – 48 миллион сомго аткарылды.
Быйыл Институт тарабынан июль айына чейин 10го жакын курулуштагы нормативдик документтер иштелип чыкты жана 12 ченемдик техникалык документтер жаңыртылып кайрадан бекитилди”,- деди ал.