Сейсмология институтунун малыматына ылайык, саат 13:57 Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Бишкек шаарынын аймагында 4 баллга чейин сезилген. Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.











