СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Сокулук районунун Первомайское айылынын жаш спортчулары кайрылышты. Алар өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.
«Биз 5 жылдан бери Кыргызстаныбыздын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип, Кыргызстанды спорт тармагында таанытып келебиз. Тилекке каршы машыгуу залына жете албай жатабыз. Эски, көк баскан жер төлөдөн баштап, эски дүкөнгө чейин кирип машыгып жүрөбүз. Сураныч, биздин үнүбүздү угуп койгулачы», — дешти.