Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган жарандар менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, тосулган жол ачылды. Унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ал эми, жергиликтүү элдин убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотуу талабы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы боюнча маселе мыйзам чегинде каралаары айтылган.
«3-август күнү, Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын талкалап,кызматкерлерин ур токмокко алышкан. Мындан улам укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштурууга катышкан жарандар, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.