Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынынын тургуну Болотбек Абдыкеримов мындан 6 жыл мурун ар кандай көлөмдөгү чырпыктарды тез таарый турган аппарат ойлоп таап, ишке киргизген. Анын бул аппаратты ойлоп табуусуна бак-дарактардын ичке кыйындыларын балта менен кертүү көп убакытты жана күчтү талап кылган. Андан арылуу максатында дал ушул аппаратты ойлоп тааап ишке киргизген. Эми ар кандай көлөмдөгү бутактарды отунга кертүүдө эч кыйынчылык жаралбай тургандыгын айтты.
Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...












