6-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын имамы Азат Ашировго аталган айылдын жаштары биригип, каражат топтоп, HONDA TORNEO үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имамы Талантбек Акылбек уулу билдирди.
Анын айтымында, унааны атайын жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыяры менен имамдын көп жылдык эмгегин баалашып, белек катары тартуу кылышкан.