Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка айылындагы үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-декабрь күнү саат 17:25 чамасында Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Липенка айылынын 1985-жылы туулган тургуну кайрылып, Жети-Өгүз районунун Липенка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде 3 адамдын жансыз денеси жатканын айткан.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин жана Жети-Өгүз РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, айылдагы үйлөрдүн биринен 1962-жылы туулган П.С., 1971-жылы туулган Б.С. жана 1979-жылы туулган А.М. аттуу жарандардын жансыз денелери табылган.
Окуя болгон жерди кароо учурунда эки бөлмөлүү үйдүн сырткы бөлмөсүндө от жаккан мештен улам өрт чыгып, эки устун күйүп, үйдүн ички төбөсү полго урап түшкөн абалда болгону аныкталган. Ал эми маркумдардын жансыз денелери үйдүн ички бөлмөсүндө жаткан. Жансыз денелерди кароодо криминалдык тактар байкалган эмес.
Маркумдардын жансыз денелери Жети-Өгүз райондук ооруканасынын патолого-анатомиялык бөлүмүнө жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, териштирүү иштери улантылууда.