4-мартта жарандарды мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам аткарылууда. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен Кыргыз Республикасынын 90 жараны, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жараны жеткирилери күтүлүүдө. Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасына болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот. Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.












