Жогорку Кеңеш персоналдык компьютерлерди сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Жогорку Кеңеш жалпысынан 130 компьютер сатып алууну көздөп жатат. Бул максаттарга 7,8 миллион сом жумшоо пландаштырылган. Белгиленгендей, жабдуулар келишим түзүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде жеткирилиши керек.