Бүгүн, 2-апрелде Султанбай Айжигитов парламенттин имаратына кире албай калган сүрөт тараган.
Жогорку Кеңеш мандатынан ажыраган Султанбай Айжигитов боюнча түшүндүрмө берди.
«Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 28-мартындагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган депутат Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул боюнча БШКнын тиешелүү токтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу Султанбай Айжигитовдун депутат катары парламент имаратына кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү эрежеге ылайык чектелген. Анткени, Жогорку Кеңештин имаратына депутаттар жана Аппараттын кызматкерлери атайын белгиленген эшиктерден өтүп, электрондук түрдөгү каттоосу боюнча гана кире алышат.
Ал эми жарандарга атайын берилген уруксат кагазы менен парламент имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Султанбай Айжигитов болсо депутаттар жана кызматкерлер кирген эшиктен кирүүгө аракет кылып, ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтомду көрсөткөндөрүнө карабай, коопсуздукту караган кызматкерлерди тасмага тартуу менен алардын ишине тоскоолдук жараткан»,- деп айтылат маалыматта.