10-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карай баштады.
Мыйзам долбоору боюнча баяндамачы — Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев. Ал мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда кабыл алууну суранды.
Мыйзам долбооруна добуш берүүгө 86 депутат катталган. Анын 80и «макул» деген добуш берди. Эч ким каршы болгон жок.








