Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улугбек Ормонов фракциянын убактысын сурап, трибунада сөз сүйлөдү.
«Бүгүнкү жумуш күнүбүздү жагымдуу маанай менен баштайлы деп жатабыз. Албаниянын Тирана шаарында Бириккен күрөш дүйнөсү бюросунун мүчөлөрүн шайлоодо ийгиликке жетишти. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү болду, анткени биринчи жолу өлкөнүн өкүлү дүйнөдөгү эң маанилүү спорт уюмунун бюросуна мүчө болуп кирди. Буга дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүнөн саналуулар гана кирет. Шайлоого Чолпон Султанбекованын талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ал керектүү добуштарга ээ болуп, 124 мамлекеттин ичинен мүчө болуп шайланды»,- деген ал гүл менен куттуктады.