Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат болуп келген Табылды Муратбеков ант берди.
5-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Муратбеков Табылды Муратбекович Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталган. Ал Султанбай Айжигитовдун ордуна келди.
Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.