Соңку күндөрү Куванычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырышты. Учурда алардын Жогорку Кеңештеги креслосу бош турат.
Бул боюнча SEREPTV каналы БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевге кайрылып, эмне үчүн жаңы депутаттарга мандат бериле электигине кызыктык. «Биз мандатты башкага тапшырардын алдында ИИМден алардын соттолбогону тууралуу маалымкат алуу үчүн маалымат суратабыз. Маалымкаттар эми келип түштү. Эртең тапшырабыз деп турабыз»,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











