Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ысык-Көлдүн пансионаттарына көзү түшүүдө. Бул тууралуу Кыргыз курорттук туризм департаментинин башчысы Чынара Токобаева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов кызматкерлерди документтерге мыйзамсыз кол коюуга мажбур кылган.
«Чолпон-Ата шаарында мурун жакшы иштеп келген пансионатты банкроттукка даярдап, кийин менчиктештирүүгө аракеттер жүрүп жаткандыгын байкадым. Айрым депутаттар санаторийлерге көз артышууда. Аларды менчикке өткөрүп алышса, карапайым эл кайда эс алат? Ушул сыяктуу иштерден улам биздин федерацияда башаламандык болуп жатат», — деди ал.
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу...










