Бул аракеттердин алкагында тарыхый баалуулугу жогору болгон мурдагы “эски Ак үйдө”, азыркы Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта да жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Учурда оңдоп-түзөө иштери толук жыйынтыкталууда, жакынкы күндөрү колдонууга берилет.
Реконструкциядан кийинки абалы менен президенттин иш башкаруучусу таанышып чыкты. Мезгил талабына жараша, ал заманбап талаптарга ылайык жаңыртылып, улуттук мурастын уландысы катары келечек муундарга кызмат кылууга багыт алууда.











