Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Зал санариптештирилип, заманбап техника менен жабдылат.
Жогорку Кеңештин төрагасы 2023-жылы Корея менен парламенттин техникалык базасын чыңдоо боюнча атайын келишимге кол коюлганын эске салды. Долбоордун алкагында чоң жыйындар залы реконструкцияланып, акыркы заманбап технологиялар менен жабдылып, мыйзам чыгаруу ишмердигин санариптештирүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле жаңы таманташ төшөлөт.