Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мурдагы депутат Ыргал Кадыралиева ырастады.
Анын айтымында, жүрөгүнүн согушу токтоп калган жана сөөгүн Ноокенге алып кетишти. Эртең, 1-мартта жерге берилери айтылды.
Гүласал Садырбаева 1952-жылы 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Шайдан айылында туулган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.