Кечээ, 7-январда 78 жаш курагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамат Орозбаев каза болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самаркандагы кооператив институтун аяктап, экономист адистигин алган. Ал мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун катардагы мугалимдиктен баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейин басып өткөн.
1990-жылдан 1995-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын “Легендарлуу парламентинин” депутаты болуп шайланган. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр палатасынын депутаты болуп шайланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болгон.