Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө ыкчам жеткирүүгө жардам беришти.
Горький көчөсүндө кызмат өтөп жаткан учурда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине жарандар кайрылып, кош бойлуу аялды шашылыш түрдө төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам сурашкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен кош бойлуу аялды тыгындарсыз жана ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткиришкен.






