Жол тескөөчүлөр ымыркайды өз убагында ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыганан билдиришти.
1-октябрда саат 11:30 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында өзгөчө кырдаал катталды. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан учурда, Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарындагы 3-балдар клиникалык ооруканасына бара жаткан такси токтоп, ичинде 9 айлык ымыркай оор абалда экени айтылды.
Ымыркайдын шашылыш медициналык жардамга муктаж экенин угушканда, кызматкерлер дароо аракетке өтүшүп, эне менен ымыркайды кызматтык унаага отургузуп, коштоп барып, ооруканага тез арада жеткиришкен.











