Журналист Айнура Кабатай кызы социалдык тармактагы баракчасында “Кеп техникасы” аталышындагы китеп жазганын кабарлап, бет ачарына чакырды.
«Дикторлук жана окутуучулук чыйырымдагы бир топ жылдык тажрыйбама таянуу менен кесиптештериме, журналистика айдыңына кадам шилтеген студенттерге жана дегеле коомчулук көзүндөгү ар бир адамга пайдасы тийсин деген ниетте туура сүйлөөгө багыттаган “Кеп техникасы” деген эмгегимди сунуштап турам. Сыясы кургай элек китебимди таанытуу аземи 19-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында саат 14:00дө өтмөкчү», — деп жазды ал.