Октябрь окуялары боюнча күбө катары ИИМге сурак берип чыктым. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов билдирди. «Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев жана башкалардын суралышы керектигин айттым. Ошол учурга так юридикалык баа берилиши керек. Түрмөдөн адамдар мыйзамдуу бошотулганбы? Төңкөрүшпү же революциябы? Үмүтбектин өлүмүнө, ондогон адамдардын жарадар болушуна ким жоопкер? Баары суракка алынып, тийиштүүлөр жазасын алышы керек», — деди ал.
Буга чейин журналисттин ИИМге суракка чакыртылганы маалымдалган эле.










