Журналист Канышай Мамыркулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Маалыматтарга караганда, ага бийликти күч менен басып алуу аракети беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, азырынча маалымат жок экенин айтышты.