Ишемби, 25.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Журналисттер» коомдук бирикмеси: «Болот Темировдун кармалышы — бул сөз эркиндигине кысым көрсөтүү»

10:19 23.01.2022
0
«Журналисттер» коомдук бирикмеси: «Болот Темировдун кармалышы — бул сөз эркиндигине кысым көрсөтүү»

Кыргызстандын медиа коомчулугу Temirov LIVE иликтөөчү журналисттеринин офисиндеги тинтүүлөрдү жүргүзүүнү жана Болот Темировдун кармалышын Кыргызстандагы сөз эркиндигине түздөн-түз кысым көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу, анын ичинде Конституция менен кепилденген журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу деп эсептейт. Бул тууралуу билдирүүсүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жарыялады.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык коому жана эл аралык коомчулук “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамдар менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө бут тосуунун болуп көрбөгөндөй аракеттерине күбө жатышат.

Күч органдары Болот Темиров жетектеген Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин командасына шектүү, ойдон чыгарылган айыптоолор менен басым жасоого аракет кылууда. Өзгөчө тинтүү жана техникаларды алуу иштери «Ташиевдердин кланына» байланыштуу иликтөө жарыялангандан кийин эртеси күнү болуп жатканы тынчсыздандырат, бул изилдөөдө журналисттер УКМКнын төрагасынын туугандары кантип «Кыргызстандын мунайзат магнаттары» болуп калганын айтып беришкен. Temirov Live командасы бул материалды даярдоодо ал жарыяланганга чейин эле ага байланыштуу аңдууларды байкап жана коркутууларды алып жатышканын жарыялаган. Мындай кырдаалда укук коргоо органдарын колдонуу — Болот Темировду айыптоонун жана анын командасын коркутуп-үркүтүүнүн артында бийликтин жогорку эшелонунун өкүлдөрү турат деген кейиштүү тыянактарды чыгарууга аргасыз кылат.

Temirov Live журналисттер командасы Кыргызстандын саясатчылары аралашкан коррупциялык схемаларды ашкерелеген көптөгөн резонанстуу иликтөөлөрдүн автору. Temirov Live профессионалдуулугу Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгиленип, таанылган. Мындай аракеттери менен Кыргызстандын бийлиги азыркы мыйзамдарды бузуп эле тим болбостон, өлкөдө эркин журналистикага орун жок экенин, бийликтин буга чейин айткандарын жокко чыгарып, тоталитардык режимдердин жолуна түшүп жатканын эл аралык коомчулукка көрсөтүп жатат.

Конституциянын гаранты болгон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына жана журналисттерге коркунуч жок жана болбойт деп бир нече жолу айткан. Бул гана эмес, мамлекет башчысы жана анын командасынын мүчөлөрү сөз эркиндигин колдоонун маанилүүлүгүн коррупция менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири катары белгилеп келишкен. Бирок Болот Темировдун кармалышы күч түзүмдөрүнүн аракеттери же бийлик тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканын, же бийликтин реалдуу иш-аракеттери менен айткан сөздөрү эки ача экенин көрсөтүп турат. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүккө болгон укугун одоно бузуу — Кыргызстанды мыйзам үстөмдүгү жок өлкө катары көрсөтүү менен бүтүндөй өлкөнүн аброюна доо кетирет. Ал эми ишмердүүлүк ачык жана Конституция кепилдик берсе да, ар бир адам системанын курмандыгы болуп калуусу мүмкүн экендигин көрсөтүп турат. Буга журналист Болот Темировдун окуясы ачык далил.

Медиа коомчулук Кыргызстандын бийлигин мыйзамдуу жол менен иштеп, тоталитардык режимдердин эркин басма сөзгө, айрым журналисттерди коркутуу жана кысым көрсөтүү максатындагы тажрыйбасын колдонбоого чакырат. Ошондой эле иликтөөчү журналист Болот Темировду тезинен бошотууну, күч органдарынын аракеттерин ар тараптуу ачык иликтеп журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылгандарды таап, иштин жыйынтыгын жарыялап жана айыптууларды жазага тартууну талап кылат», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева: «Эмгек министрлиги жөлөкпулду алуу тартибин жөнөкөйлөтүү туура болот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:36 24.04.2026
0

"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12:20 24.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

14:59 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026
Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

17:18 24.04.2026
Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"

16:04 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү