Журналисттерди коргоо комитети SuperTV’нын кабарчысынын сабалышы боюнча бийликке кайрылды

Журналисттерди коргоо комитети кечээ, 3-ноябрда журналист Бактурсун Жоробековго жасалган кол салуу боюнча кыргыз бийлиги ар тараптуу жана ыкчам иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуусу керек деп билдирди.

«26-октябрда түндө Бишкекте SuperTV көз карандысыз телеканалынын кабарчысы Жоробековду үйүнүн жанынан белгисиз төрт адам аёосуз сабап, телефонун жана капчыгын уурдап кеткен. Башкы редактор Эльвира Караеванын айтымында, кол салгандар журналисттин сабалып жатканын видеого тартып алып, аны өзүнүн репортаждарынын биринде чагылдырган адамдан кечирим суроого мажбурлашкан, андан соң башына бир нече жолу тепкилешкен. Анын айтымында, SuperTV милициянын өтүнүчү боюнча ал репортаждын маңызы боюнча жана ал жакка чыккан адамдын аты-жөнүн ачыктабайт. Караева кошумчалагандай, Жоробеков буга чейин да ошол эле маалыматка байланыштуу коркутуулар болгонун айтты. Журналист кол салуудан кийин дээрлик беш саат бою көчөдө эс-учун билбей жатып, анан эсине келип, үйүнө барган. Караеванын айтымында, 2-ноябрга карата ал ооруканада, баш мээси чайкалып, башынан катуу жаракат алгандыктан дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

«Журналист Бактурсун Жоробековдун аёосуз сабалышы жазасыз калбашы керек» деди Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гүлноза Саид. «Кыргыз бийлиги Жоробековго кол салууну тез жана ачык иликтеп, ага катышкандардын бардыгын, анын ичинде кол салууга буйрук бергендерди да жоопко тартуу менен журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу ниетин көрсөтүшү керек», — деди ал.

«Жоробеков аталган комитетке быйыл жыл башында белгисиз адамдар аны өлтүрөм деп коркутуп, бир нече жолу чалганын айткан. Ал ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жооп бере алган жок. Караева Жоробеков коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткан телефондун чалууларына жооп бербей калган соң, ошол эле номур SuperTV каналына кайра-кайра чалып, кол салуу болгон күнү Жоробековду сураган.

Жоробеков эртеси күнү милицияга арыз жазган. Тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат. Ал эми телеканалдын директору Бактыгүл Сокушова SuperTV жаңылыктарды жана көңүл ачуучу программаларды көрсөтөт жана YouTube’да 1,3 миллион катталуучусу менен Кыргызстандагы эң популярдуу телеканалдардын бири экенин айтты. Сокушованын айтымында, Жоробеков социалдык маселелерди жана соттук териштирүүлөрдү чагылдырат. Ал SuperTV бул темаларды чагылдырганы үчүн коркутууларга туш болгонун кошумчалады», — деп жазылат маалыматта.

Аталган комитет ИИМге маалымат алуу үчүн кайрылып, байланыша алышкан эмес. Ошондой эле алар милиция бөлүмүнө да чалышкан, бирок ал жерден да маалымат беришкен эмес.

26-октябрда Бишкекте SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалган, кол салуу анын журналисттик ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Ленин райондук милициясы арыздын негизинде кылмыш ишин козгоп, сабагандарды издеп баштаганын билдирген. Кол салууга дуушар болгон журналист башынан өткөн окуя тууралуу маекте кенен айтып берген