Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев банктык QR-код аркылуу төлөө көп учурда иштебей, үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.
«Бул толук кандуу иштебей, карапайым элди жүдөтүп жатат. Биз деле жүдөп жатабыз. Барып төлөйүн десең иштебейт. Эл ушунча нааразы болуп жатышат. «Накталай акча кармабай калдык, картага ишенип калдык. Төлөйүн десең иштебей калып жатат» дешет. Мындай маселе бар экенин баары билет, банктар өзүлөрү да билет. Жыйын өткөрүп түшүндүрмө берип коюшпайт же кенемте төлөп беребиз дешпейт. Эл туура эмес иш кылса салык менен жазалайбыз. Банктарга келгенде эч ким жооп бербейт. Кенемтени караш керек»,- деди депутат.











