Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу кесиптештерине эскертүү берди.
«Эмки жумада каралуучу маселелер өтө көп. Жогорку Кеңеш шайлоого кеткенине байланыштуу жыйындар өтпөй, зарыл мыйзам долбоорлор күтүп жатат. 2026-жылдын мамлекеттик бюджети турат. Сиздерге эскертүү, кийинки жумага эч кандай иш-чара койбоңуздар. Жыйындарга активдүү катышкыла. Себепсиз келбеген депутаттардын маянасын кыркабыз. Коомчулукка ЖМКлар аркылуу жарыялайбыз. Шайлоочулар силерге ишеним берди. Сиздерден сураныч, активдүү болгула», — деди ал.












