Бүгүн, 10-январда Төө-Ашуудагы жол ачык. Кечкисин оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Азыркы учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдору ачык. Боом капчыгайында жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолундагы “Төө-Ашуу”, “Ала-Бел”, жана “Өтмөк” ашуулары азырынча тарнпорт каражаттары үчүн ачык. Ошол аймактарда жолдорду техниканын жардамы менен жолдорду тазалоо жана туз кум өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштери жүргүзүлүүдө. Кечкисин «Сосновка», «Арал» жана «Кара-Көл» постторунда оор жүк ташуучу унаа каражаттарына маал-малы менен чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ашуулардагы аба ырайынын катаал шарттарын эске алып, жолго чыгууда унаа каражаттарынын техникалык абалына көңүл буруп, аралыкты сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, дөңгөлөктөргө оролчу кошумча чынчырчаларды алып алууну эскертет.